Опубликовано
17.07.2024, 12:00Бүгүн Талас шаарындагы акча алмаштыруу жайынын бири жабылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бюро жабылууга өзү арыз берген.
“Талас шаарынын Оторбаев көчөсү, 214 дареги боюнча жайгашкан “Эрхан-Талас” ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылды”, - деп айтылат маалыматта.