Опубликовано
16.09.2020, 11:00Үстүбүздөгү жылдын июль айында Евразия экономикалык союз үчүнчү өлкөлөр менен 46.3 млрд долларга соода жүргүзгөн. Анын ичинен экспорттун көлөмү - 24.8 млрд $, импорт - 21.5 млрд $ түзгөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
[news 27957]
Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу сооданын көлөмү 24.1 % же 14.8 млрд долларга төмөндөгөн. Анын себеби, экспорттун көлөмү дароо 11.6 млрд долларга (-31.8%), импорт 3.2 млрд доллар (-12.7%) төмөндөгөнү менен байланыштуу.
Мунун менен катар экспорт менен импорттун айырмачылыгы 3.3 млрд долларды түзгөн. Ал эми өткөн жылы айырмачылык 11.7 млрд долларга жеткен.
Кошумчалай кетсек, Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү дароо 29.8% төмөндөп кеткен. КР экспорт июль айында дароо 43.7% кыскарган.