akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.06.2024, 06:30

    Чет өлкөдө иштөөнү каалагандар Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу гана Улуу Британияга жана Европага жумушка кете алат. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.

    Мекеменин маалыматында жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурабыз деген алдамчылык фактылары көбөйдү. Алар материалдык пайда көрүү максатында, алдоо жолу менен Улуу Британияда жана Европа континентинин өлкөлөрүндө жарандарды жумушка орноштурууга укуксуз негизде убадаларын беришүүдө.

    Ошондой эле, борбор жарандарды “Instagram” жана “Facebook”социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөгө чакырат.

    Жарандарды жумушка алуу процедурасы Улуу Британияда акысыз негизде жүргүзүлөрүн, анда арыз берүүчү өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасын алуу үчүн консулдук жыйымды төлөй тургандыгын белгилей кетүү керек.

    Борбор жарандарды www.migrant.kg расмий сайтынан чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат.


    Читать похожее

    • 18.07.2024, 03:40:21
    • 20.06.2024, 05:00:48
    • 06.06.2024, 00:30:42
    • 29.05.2024, 22:50:20