Опубликовано
20.06.2024, 11:00Сокулук районунда Новопавловка айылында жайгашкан цехтердин биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Түштүк Азиядан чыккан 30 чет өлкөлүк жаран мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы такталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу менен тигүү цехин уюштурган Ж.А. аттуу жаран аныкталды.
“Аталган жарандарды Ж.А. алдамчылык жол менен ишке тартып, милдеттенмелерин бузуп, эбегейсиз зор пайда алуу максатында алардын эмгегин эксплуатациялап, убада кылынган эмгек акысын берген эмес”, - деп белгиленет маалыматта.
Белгиленгендей, Ж.А. жергиликтүү ИИБнын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алып, КРнын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн түрмөгө камайм деп коркутуп турган.
Мындан тышкары, Ж.А. чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген миграциялык тартипти бузуп, керектүү документтерди (чет элдиктерди каттоо, эмгек визасы, иштөөгө уруксат ж.б.) даярдаган эмес. Чындыгында бул чет элдик жарандар өздөрүнүн эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген.
“Мындан тышкары, алардын жумуш орундары жана жашоо шарттары санитардык талаптарга жооп бербейт, ал эми толук тамактануу дээрлик камсыз кылынган эмес. Мындан улам КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, аталган Ж.А. жана райондук милиция кызматкери А.А. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, - деп айтылат маалыматта.