Опубликовано
13.05.2024, 06:15Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 9 миң 715 ишкерге 6 млрд 671 млн 898 миң 917 сомго пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 478 ишкерге 4 млрд 816 млн 019 миң 917 сом берилген. 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 ми 214 ишкер насыя алган.
Жалпы сумма 1 млрд 855 млн 879 миң сомду түзгөн. Долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.