Опубликовано
29.05.2024, 10:43Мамлекеттик салык кызматы гибриддик контролдук-кассалык машиналарды ишкерлерге акысыз бере баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар кандай себептерден улам өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында кассалык машиналарды чыгаруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бардыгы болуп 32 миң кассалык аппаратты чыгаруу пландалууда.
“Контролдук-кассалык машинаны алуу үчүн ишкерлер салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылышы керек”, - деп айтылат маалыматта.