akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.10.2020, 07:00

    Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

    [news 28797]

    Жыйында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан, коронавирус инфекциясы пандемиясы күч алып жатканы белгиленди.

    Андан сырткары 2021-жылы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чекте болоорун эске алуу менен республикалык бюджеттин аткарылышы жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

    «Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттик органдар буга чейин кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантышат», - деп белгилешти жыйындын катышуучулары.

    Мамлекеттик органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

    Бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте иштөө жана жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилди.


    Читать похожее