Опубликовано
15.07.2024, 10:05Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 10 миң 185 ишкерге 7 млрд 152 млн 912 миң 917 сомго пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 821 ишкерге 5 млрд 80 млн 703 миң 917 сом берилген. 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1305 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 72 млн 209 миң сомду түзгөн.
Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.