Опубликовано
19.07.2024, 06:302024-жылдын 18-июлуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында мамлекеттик банктар 8 миң 662 насыя беришти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” категориясы боюнча жалпы суммасы 381,4 млн сомго 1 миң 182 кредит берилген. Анын ичинен “Айыл Банк” ААКсы 190,9 млн сомго 604, “Элдик Банк” ААКсы 190,5 млн сомго 578 насыя берген.
“Мал чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 3 млрд 40,5 млн сомго 7 миң 480 насыя берилген. Анын ичинен “Айыл Банк” ААКсы 1 млрд 568,8 млн сомго 3,3 миң, “Элдик Банк” ААК 1 млрд 471,7 млн сомго 3,6 миң насыя берген.
“Жалпысынан эки категория боюнча 3 млрд 421,9 млн сомго 8 миң 662 насыя берилди. Анын ичинен “Айыл Банк” ААКсы 1 млрд 759,7 млн сомго 4,5 миң, ал эми “Элдик Банк” ААК 1 млрд 662,2 млн сомго 4,2 миң насыя берген”, - деп айтылат маалыматта.