akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.06.2024, 05:00

    Пластик калдыктарды кайра иштетүү маселеси жылдан жылга актуалдуу көйгөй болуп баратат. Анткени калктын саны көбөйгөн сайын, таштанды да көбөйүүдө. Алсак, пластикалык буюмдардын ар кандай түрлөрү 500-1000 жыл ичинде, желим баштыктар (полиэтилен) 10-50 жылда чирийт.

    Күн сайын Кыргызстанда миңдеген тонна таштанды чыгарылат. Таштандылар тиричилик буюмдары, өнөр жай жана өндүрүш тармагынан чыгарылат. Өлкөдө пластик таштандыларын кайра иштеткен заводдор саналуу гана. “Акчабар” Бишкектин четинде жайгашкан пластикти кайра иштеткен заводдордун бирине барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып кайтты.

    Продукцияларын пластиктен жасаган “Uni Plast” компаниясы 2022-жылы толук ишке кирген. Учурда завод сапаттуу пластик түтүктөрүн, пластикалык идиш-аяктарды, канистра буюмдарын чыгарат. Ишканада жалпы 30дай адам эмгектенет.

    “1990-жылдары Баят базарынын жанында түрк ишкерлер “Пластик завод” деп ачышкан. Жабдууларын 2015-жылы сатып алганбыз. Ал эми 2020-жылы жерди сатып алдык. 2022-жылы завод толук ишке кирди”, - дейт ишкананын коммерциялык директору Талант Мамбеталиев.

    Анын айтымында, заводдогу продукциялар полиэтилен баштыктарынан жана механикалык кайра иштетүү ыкмасы аркылуу жасалган пластик гранулдарынан өндүрүлөт. Бул үчүн ишкана полиэтилен баштыктарын ири көлөмдө сатып алуу боюнча ири дүкөндөр менен келишим түзгөн. Гранулдарды башка заводдордон сатып алат. Ошондой эле, пластик түтүктөргө колдонулган материалдар айырмаланат.

    “Негизинен түтүктөр канализация жана суу үчүн болуп экиге бөлүнөт. Суу үчүн болгон түтүктөр суунун басымына жараша эки түргө бөлүнөт. Алар техникалык жана таза суу үчүн. Техникалык түтүктөр таза эмес суу үчүн колдонулат. Таза суу үчүн өзүнчө колдонулат”, - деп кошумчалады ал.

    Белгиленгендей, аталган заводдон чыккан түтүктөр Мамлекеттик ипотекалык компания курган имараттарга да колдонулууда. Таза суу түтүктөрү үчүн чийки зат Ирандан, Орусиядан, Кытайдан сатылып алынат. Ал эми завод дээрлик таштанды калдыктарын чыгарбайт.

    “Биздин заводдон таштанды калдыктары чыкпайт. Себеп дегенде бул пластик. Пластик ээрийт дагы кайра эле пластикке айланат. Эгер пластикалык түтүктөр өндүрүш учурунда жараксыз болуп калса, анын баарын пластикти майдалоочу жана күкүм кылуучу майдалагычка салабыз. Ал майдалап майда фракцияларга айландырат. Бул фракция кайра эле станокко салынып, эритилип кайра эле түтүк жасаса болот. Ошондуктан бизде таштанды чыкпайт”, - деди ал.

    Мамбеталиев бул экологияга пайдалуу экендигин айтып, учурда заводдон чыккан түтүктөр эгиндерди сугарууда тамчылатып сугарууга колдонулуп жатканын кошумчалады.

    Пластик кантип кайра иштетилет?

    Пластмассаны кайра иштетүүнүн үч негизги жолу бар: механикалык, химиялык жана ысытуу аркылуу (thermic).

    Механикалык кайра иштетүү - бул пластикти сорттоо, жууп салуу, майдалоо жана гранулдарды жасоо ыкмасы. Механикалык ыкма менен пластиктин полимер чынжыры жок кылынбайт, бирок даярдалган материал тазаланат, майдаланат жана эрийт. Андан буюм жасоого болот.

    Химиялык ыкма пластикалык молекулаларды алардын компоненттерине ыдыратууга негизделген. Бул ыкма кыйла натыйжалуу көрүнөт. Полимер молекулаларга бөлүнүп, жаңы “баштапкы” чийки зат түзүлөт. Бирок, колдо болгон технологиялар комплекстүү өндүрүштүк мүнөздө эмес. Азыр химиялык кайра иштетүү, экономикалык көз караштан алганда, механикалык кайра иштетүүгө караганда төмөн. Адистер пластмассаны мономерлештирип, кайра полимерлештиргенден көрө гранул алуу пайдалуураак, бул абдан кымбат процесс экендигин белгилешет.

    Пластмассаны термикалык иштетүүнүн эң эффективдүү ыкмасы пиролиз (байыркы грек тилинен πῦρ “от, жылуулук” + λύσις “ажыроо, бөлүнүү”) болуп саналат. Пиролиз процессинде пластмасса жогорку температуранын таасири астында кычкылтекке жетпей ажырайт. Бул технология өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери белгилүү. Биринчи этапта желим калдыктары сорттолуп, майдаланып, жуулат. Андан кийин алынган масса реакторго жөнөтүлөт, ал жерде 500-800°С диапазонундагы температуранын таасири астында жана аба кирбестен пластик илешкектүү суюктукка ээрип, андан кийин газ фазасына өтөт.

    Кийинки этапта газ муздатылат жана тазаланат, натыйжада мазут пайда болот, андан кийинки этаптарда дизелдик отун өндүрүлөт. Мазуттан тышкары пластикалык калдыктарды пиролиздөөнүн акыркы продуктусу күл болуп саналат, ал жылытуучу отун катары колдонулат.

    Жанара Каденова


    Читать похожее

    • 01.08.2024, 02:34:25
    • 08.07.2024, 23:25:30
    • 27.06.2024, 23:00:49
    • 29.05.2024, 23:54:48