akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.07.2024, 04:20

    Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында “Стандарт Фарм Групп” ЖЧКсы дары-дармектерди чыгаруучу фармацевтикалык завод курат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

    Белгиленгендей, долбоорго 41,2 млн доллар инвестиция салуу пландалууда.

    "Завод шаардын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

    “Стандарт Фарм Групп” ЖЧКсы сапаттуу медициналык препараттарды чыгарууга чоң салым кошуп, 300гө жакын жаңы жумуш орундарын түзөрү күтүлүүдө.


    Читать похожее

    • 28.07.2024, 22:20:09
    • 16.05.2024, 01:51:48
    • 16.05.2024, 00:52:09
    • 16.04.2024, 00:20:53