akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.05.2024, 06:52

    2024-жылдын январь-март айында Кыргызстанга эң көп Индиядан дары-дармек алынып келинген. Үч айда Кыргызстанга Индиядан 777 млн 227 миң сомго (8 млн 706 миң доллар) фармацевтикалык продукция импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.

    Белгилеп кетсек, үч айда Кыргызстан жалпы 60 млн 417 миң 500 долларга дары-дармек сатып алган.

    Ошондой эле, өлкөгө дары-дармек импорттоо боюнча Түркия (6 млн 627 миң доллар), Орусия (5 млн 813 миң доллар), Казакстан (4 млн 341 миң доллар), Германия (4 млн 202 миң доллар) алдыңкы бештикке кирет.

    Ал эми Кыргызстанга эң аз дары-дармек жеткирген өлкө Швеция болуп саналат. Бул өлкөдөн быйыл үч айда болгону 900 долларга фармпродукция алынып келинген.


    Читать похожее

    • 28.07.2024, 22:20:09
    • 16.05.2024, 01:51:48
    • 16.05.2024, 00:52:09
    • 16.04.2024, 00:20:53