Опубликовано
22.09.2020, 04:20Товар алмашуу келишимине ылайык Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг» ААКсынан билдиришти.
[news 28182]
Улуттук энергетикалык холдингден белгилешкендей, КР өкмөтүнүн буйругуна ылайык «Электр станциялары» ААКсы Казакстандын тиешелүү энергетикалык компаниясы менен 300 млн кВт/саат (чейинки) көлөмдө электр энергиясын алмашуу тууралуу келишим түзгөн.
Келишимге ылайык 2020-жылдын июнь айынан август айына чейин Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт/саат электр энергиясын берген.
«21-сентябрдан тарта Казакстан тарап мурда алган электр энергиясын кайра кайтара баштады», - деп билдирет Улуттук энергетикалык холдинг.