akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.08.2024, 04:34

    2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча “Кыргызтелеком” ААКнын кирешеси 12%га өсүп, 768 млн 295 миң сомду түздү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

    Мекемеден билдиришкендей, бул пландан 108%га көп. Кирешенин өсүшүнө интернет кызматтары (+8%) жана IPTV (+53%) салым кошкон.

    Биринчи жарым жылдыкта таза пайда 82 млн 367 миң сомду түздү, бул пландагы көрсөткүчтөн бир кыйла жогору. Негизги эмес ишмердүүлүктөн түшкөн пайда дивиденддерди жана курстук айырмадан түшкөн кирешени кошкондо 113 млн сомдон 295 миң сомго жетти.

    "Дебитордук карызды кыскартуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат, ал 2%га азайып, 58 млн 441 миң сомго, кредитордук карыз 26%га ийгиликтүү кыскарып, 1 млрд 95 млн 357 миң сомго жетти", - деп айтылат маалыматта.

    “Digital CASA-KR” долбоорунун алкагында 445 мамлекеттик орган үчүн оптикалык була линияларын куруу иштери аяктады. Каракол жана Ош шаарларында GPON жабдууларын орнотуу жана ишке киргизүү иштери уланууда.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 22:34:02
    • 04.03.2021, 03:30:56
    • 21.09.2020, 22:20:02
    • 13.08.2020, 22:15:39