akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.07.2024, 04:20

    Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 40 млн доллар каржылык жардам көрсөтөт. Анын 20 млн доллары - гранттык негизде жана 20 млн доллары - кредиттик негизде болот. Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык жана кредиттик макулдашуу мыйзамдарына кол койду.

    Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

    Белгиленген макулдашуулар мектептин жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен бардык предметтерди окутууну жакшыртууга багытталган.

    Макулдашуулар менен КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдарга Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү программасын санариптик окутуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк, ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү, мектепти профилдештирүү бөлүгүндө, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү жааттарында ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык каражат бөлүп берүү каралат.


    Читать похожее

    • 15.08.2024, 21:25:52
    • 16.07.2024, 22:20:34
    • 28.06.2024, 00:41:05
    • 08.04.2024, 22:45:22