akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.08.2024, 03:25

    Нарында 43 айылдын 100 миң тургуну таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу тиешелүү ведомстволор менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) ортосунда аймактагы “Айылды суу менен камсыздоо жана канализацияны өнүктүрүү” программасын кошумча каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө айтылды.

    Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул программа өлкөнүн айыл аймактарын туруктуу жана сапаттуу суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат.

    Калкты ичүүчү суу менен камсыздоону жогорулатуу максатында Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба кызматынын алдындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны өнүктүрүү” мамлекеттик мекемеси кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

    Кошумча каржылоо төмөнкү иш-чараларга жумшалат:

    • суу алуучу курулмаларды, суу сактагычтарды, дезинфекциялык станцияларды, насостук станцияларды куруу жана реабилитациялоо.
    • жаңы скважиналарды түзүү жана суу менен камсыздоо тармактарын кеңейтүү.
    • система үчүн жабдууларды жана жергиликтүү суу менен камсыздоо ишканалары үчүн атайын жабдууларды сатып алуу.

    Кошумча программаны ишке ашыруу калктын саламаттыгын чыңдоого, суу менен жугуучу ооруларды кыскартууга жана суу менен камсыздоо тутумун башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалын бекемдөөгө жардам берет. Программанын маанилүү аспектиси калктын социалдык жактан аялуу катмарын, анын ичинде аз камсыз болгон үй чарбаларын колдоо болот.


    Читать похожее

    • 15.08.2024, 21:25:52
    • 16.07.2024, 22:20:34
    • 28.06.2024, 00:41:05
    • 08.04.2024, 22:45:22