akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.05.2024, 07:20

    Кыргызстанда 8-майга карата63 миң 144 бала 1-класска катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

    Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

    • Ош облусу – 12526 (жалпы квота – 35 миң 785)
    • Жалал-Абад облусу – 12353 (жалпы квота – 34 миң 778)
    • Чүй облусу – 9519 (жалпы квота – 31 миң 474)
    • Баткен облусу – 7529 (жалпы квота – 16 миң 190)
    • Ысык- Көл облусу – 5794 (жалпы квота – 13 миң 821)
    • Нарын облусу – 3848 (жалпы квота – 7 миң 741)
    • Талас облусу – 3393 (жалпы квота – 6 миң 957)
    • Бишкек шаары – 6238 (жалпы квота – 17 миң 908)
    • Ош шаары – 1944 (жалпы квота – 11 миң 233)

    2024-2025-окуу жылына карата республика боюнча жалпы 175 миң 43 квота бар.
    Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

    • №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
    • №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
    • №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
    • Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
    • №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

    Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы 8-апрелден тарта башталган.


    Читать похожее

    • 12.06.2024, 02:00:12
    • 08.05.2024, 01:20:11
    • 17.04.2024, 21:10:52
    • 26.11.2023, 23:17:57