Опубликовано
14.08.2024, 10:45Кыргызстандыктарга Орусиянын Курск, Брянск жана Белгород облустарына барбай туруу сунушталат.
Тышкы иштер министрлиги мунун себебин бул аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилгени менен түшүндүрдү. Мындан улам, абал турукташканга чейин аталган облустарга баруудан убактылуу карманып турууга чакырды.
Зарыл учурда тиешелүү жардам же консультация алуу үчүн Кыргызстандын жарандары Орусиядагы элчиликке +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 номурлары аркылуу байланышса болот.