Опубликовано
12.08.2024, 04:212024-жылдын январь-июль айларында негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өсүштүн оң тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 677 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2023-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 8,7%га өскөн.