Опубликовано
25.04.2024, 08:13Дүйнөлүк банк 2024-жылга карата Кыргызстандын ИДПсын 4,5%га өсөрүн болжолдоодо. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.
Дүйнөлүк банктын болжолдоосунда быйыл бардык постсоветтик өлкөлөрдүн ИДПсы өсөрү күтүлүүдө. ИДПнын эң чоң өсүшү Тажикстанда күтүлүүдө.
Ага ылайык, Арменияда 5,5%, Азербайжанда 2,3%, Беларуста 1,2%, Грузияда 5,2%, Казакстанда 3,4%, Кыргызстанда 4,5%, Молдова 2,2%, Орусияда 2,2 %, Тажикстанда 6,5 %, Украинада 3,2% жана Өзбекстанда 5,3% болору болжолдонууда.