akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Акчабар

    Опубликовано

    13.11.2019, 11:30

    2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү (ички+тышкы) 4,5 млрд. долларды (311,8 млрд. сомду) түздү. Бул тууралуу парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

    Абылгазиевдин айтуусунда, анын ичинде тышкы карыз - 85,7 %ы (3,8 млрд доллар), ички карыз – 14,3 %ы (0,6 млрд доллар).

    «2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалган. Анын ичинде: пайыздарды төлөөгө – 7,1 млрд. сом, тышкы карыздын пайызы 3,7 млрд. сом болсо, ички карыз боюнча 3,4 млрд. сомду түзгөн. Карыздын негизги суммасын төлөөгө – 16,7 млрд. сом, тышкы карызга – 8,2 млрд сом, ички карызга – 8,4 млрд сомд жумшалды», - деди ал.

    Абылгазиев кошумчалагандай, ошентип, мамлекеттик карыз 2017-жылга салыштырмалуу 65,7 млн долларга же ИДПга карата 2,8 %га кыскарган.

    Анын ичинен:

    - тышкы карыз – 254 млн долларга, же ИДПга карата 5%га азайды.

    - ички карызга – 13,6 млрд сомго көбөйдү, же ИДПга карата 2,2%га көбөйдү.


    Читать похожее

    • 11.08.2024, 22:21:57
    • 10.07.2024, 02:55:55
    • 09.05.2024, 04:10:00
    • 25.04.2024, 02:13:17