akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.08.2024, 03:55

    Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу буйрукка кол койду.

    Минкаб жетекчиси министрликтерге, ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик уюмдарга жана мамлекеттик ишканаларга атайын комиссиянын суроо-талабы боюнча бардык керектүү маалыматтарды берүүнү жана долбоорго тиешелүү маселелерди чечүү үчүн адистерди жөнөтүүнү тапшырды.

    Анын курамына министрликтердин, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик ишканалардын 21 өкүлү кирди.

    Өкмөттөр аралык комиссияны суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

    Анын орун басарлары болуп Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев жана “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев дайындалды.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 00:30:41
    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 13.08.2024, 21:55:15
    • 04.08.2024, 23:35:06