akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.07.2024, 08:20

    Бүгүн Бишкекте И. Ахунбаев атындагы медициналык академиянын алдында Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана тестирлөө борбору ачылды.

    Иш-чарага катышкан өкмөт башчы Акылбек Жапаров борбордун ачылышы студенттердин терең билим алуусуна шарт түзөрүн белгиледи. Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылып, операция кылуу үчүн жасалма симуляциялык муляждар менен студенттер практика жүзүндө реалдуу түрдө иш алып барып, билимдерин бекемдешет.

    "Баткен облусундагы дагы бир медициналык окуу-дарылоо клиникалык базасы да аяктап, ачылыш аземи мына өткөрүлөт деп турган чагы. Ал жакта да бардык заманбап шарттар түзүлүп, 200 орундуу студенттер үчүн жатакана, көп профилдүү стационарды куруу иши аяктады. Мындай базалардын курулушу – элибиздин ден соолугун бекемдөө боюнча дагы бир кадам болуп жатат. Бул багытта иштер дагы уланат”, - деди ал.


    Читать похожее

    • 03.07.2024, 02:20:07
    • 18.10.2023, 00:16:08
    • 31.03.2020, 02:45:09