akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.07.2024, 05:05

    "Кыргызиндустрия" ААКнун туунду ишканасы "Кыргызэлектроника" ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштады. Бул тууралуу "Кыргызиндустрия" Фейсбукка жарыялады.

    Аталган ишкана буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган.

    "Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

    Ишкананын бардык продукцияларын ke.kg сайты аркылуу байланышып буйрутма берүүгө жана таанышууга болот.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 03:22:52
    • 13.08.2024, 22:28:01
    • 06.08.2024, 22:30:45
    • 05.08.2024, 00:45:15