akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.05.2024, 04:50

    Кыргызстанда телефон чалып, жарандарды алдагандар күч алууда. Мындай фактылар боюнча милицияга арыз жазгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

    ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды мындай мүнөздөгү чалуулардан этият болууга, туугандарга телефон чалып, берилген маалыматтарды текшерүүнү сунуштайт.

    “Шылуундар өздөрүн жабырлануучунун туугандары же укук коргоо органдарынын, саламаттыкты сактоо органдарынын, куткаруу кызматтарынын кызматкерлери катары тааныштырып телефон чалып жатышат. Алдамчылар кырсык болгонун билдиришип, акча жөнөтүүнү суранышат. Курьерлерден акча жөнөтүп, алданып калган жабырлануучулар бар”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

    Ошондой эле, министрлик шылуундардын талабын аткарбастан 102 номерине чалууну эскертет.


    Читать похожее

    • 18.07.2024, 03:40:21
    • 20.06.2024, 05:00:48
    • 06.06.2024, 00:30:42
    • 29.05.2024, 22:50:20