akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.06.2024, 04:26

    “Манас” эл аралык аэропорту менен Кытайлык Loong Airlines авиакомпаниясы "ZHEJIANG LOONG AIRLINES CO.,LTD" компаниясынын кызматтык продуктыларын жана "МЭА" ААКтын авиациялык кызматтарын интеграциялоо жана өнүктүрүү, транзиттик жана интерлайндык ташуу боюнча илимий-изилдөөлөрдү жана өнүктүрүүнү жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.

    “МЭА” ААК жана ZHEJIANG LOONG AIRLINES Co, LTD үчүн транзиттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүү эл аралык брендин биргелешип түзүү максатында - “Манас” эл аралык аэропортунан транзиттик учууларды ZHEJIANG LOONG AIRLINES Co, LTD бирге ишке ашырмакчы.

    Тараптар ошондой эле биргелешип “каттам + мейманкана”, “каттам + трансфер” сыяктуу аба саякат пакеттерин иштеп чыгышмакчы.

    "Ошондой эле, бул иш чарада интерлайн келишимин түзүү маселеси талкууланды. Бул авиаташуучулардын ортосундагы келишим, анын алкагында бир авиакомпания башка компаниянын учууларына авиабилеттерди берүүгө укуктуу, ал өз кезегинде мындай авиа билеттерди таанууга жана кабыл алууга милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 15.08.2024, 21:45:09
    • 14.08.2024, 00:23:48
    • 11.08.2024, 22:00:31
    • 02.07.2024, 04:13:06