Опубликовано
15.08.2024, 03:302024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Каржылоого 1 млрд 439 млн сомдон ашуун каражат каралган, тагыраагы:
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Белгилеп кетсек, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 1-сентябрга карата 27 мектепти жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландоодо.