akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.06.2024, 05:39

    Быйыл беш айда Кыргызстанда пенсияны төлөөгө 36 млрд 61 млн 285 миң сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон бидиришти.

    Былтыркы 5 айга караганда пенсияга 6 млрд 429 млн 639 миң сомго көп акча жумшалган. 2023-жылы январ-май айларында 29 млрд 631 млн 648 миң кеткен.

    Расмий маалымат боюнча учурда Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар. Быйыл Соцфонд пенсияны эки баскычта – 1-июлда жана 1-октябрда көтөрүүнү көздөп жатат. 1-июлда пенсиясынын базалык бөлүгү 3 миң 170 сомго жетпегендердин акчасы көбөйтүлөт. Ал эми 1-октябрда бардык пенсионердин пенсиясы көтөрүлөт.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 21:30:23
    • 08.08.2024, 22:52:52
    • 18.07.2024, 22:45:01
    • 06.06.2024, 23:39:11