Опубликовано
21.09.2023, 07:15Кыргызстанда мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, мектепте ата-энелерден акча чогулткандарга 7,5 миң сомго административдик чара көрүлөт. Андан тышкары, каражат чогултууга багытталган коомдук фонддорду түзүү үчүн физикалык жактар 10 миң сомго, юридикалык тараптар 28 миң сомго айыпка жыгылат.