akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    11.05.2024, 08:00

    Нарын облусунун Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен беш адам жабыркап, алардын үчөө ооруканага жаткырылды. Табигый кырсыктан 36 үй жана 6 социалдык объект жабыркаган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

    Маалыматка ылайык, жабыркагандардын экөөсү жаш балдар.

    Ооруканада жабыркагандарга Нарын облусунун губернаторунун орун басары Шабдан Абдырайым уулу барып, аларга акчалай жардам көрсөттү. Анын суммасы айтылган жок.

    Эске салсак, 10-майда Ат-Башы районунда катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 24-27 метрге жеткен. Шамал 6 саат бою басаңдаган эмес.


    Читать похожее

    • 28.06.2024, 03:06:08
    • 17.06.2024, 22:25:22
    • 15.05.2024, 04:50:55
    • 11.05.2024, 02:00:19