Опубликовано
15.05.2024, 10:5016-18-майда жаан-чачын күтүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.