Опубликовано
05.12.2019, 04:00Ноябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын (тышкы жана ички) төлөөгө 3 млрд 319.2 млн сом жумшалган. Бул тууралуу каржы министрлиги маалымдайт.
Ички карызды төлөөгө - 2 млрд 270 млн 828.2 миң сом, тышкы карызга - 1 млрд 48 млн 377.9 миң сом жумшалган.
Эске сала кетсек, «Акчабар» КР карызы бир жыл ичинде (2018-ж октябрь айынан тарта, 2019-ж октябрь айында) 11.5 млрд сомго жогорулаган. Бул ички карыздын көбөйүшү менен байланыштуу (+9 млрд 385.4 млн сом) болгон.