Опубликовано
02.11.2020, 07:20Кыргызстан 2021-жылы мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттин чыгашасынын көлөмүн көбөйтөт. 2021-жылдагы бекитилген бюджетке ылайык, мамкарызга 35.3 млрд сом жумшалат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2.5 млрд сомго көп.
[news 29592]
Финансы министринин эксперти Сабыр Байдалиевдин айтымына караганда, бул чечим валюта рыногундагы курстун өзгөрүшү менен байланыштуу.
«Бизде бюджет улуттук валютада бекитилет. Тышкы карыздарды тейлөө ар турдүү валюта менен жүргүзүлөт», — деп түшүндүрдү ал.
Андан сырткары, пандемия маалында Кыргызстандын кирешеси кыйла төмөндөп кеткен. Буга байланыштуу өкмөт донорлорго кайрылууга аргасыз болгон.
«Бюджеттеги тартыштыктарды жоюу максатында, Кыргызстан кошумча насыяларды алган. Жалпысынан 330 млн $ алынды. Бул карыздардын пайыздарын төлөй баштайбыз. Ал эми жеңилдетилген шарт менен баштапкы сумма кана каралган. Ошол себептен келишим түзүлгөн биринчи күндөн баштап пайыздарды төлөй баштайбыз», - деди Байдалиев.
Эксперт кошумчалап кеткендей, карыздарды тейлөөгө бөлүнгөн сумманын көлөмү жыл сайын өсүп турат. Себеби, тышкы карыздардын баштапкы суммасын төлөө мөөнөтү жакындап келе жатат.