akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.07.2024, 03:25

    Ош облусунда 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

    Тиешелүү меморандумга кытайлык компания менен кол коюлган.

    Завод дыйкандарды заманбап жер семирткичтер менен камсыз кылып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга жардам берет деп күтүлүүдө. Анда негизинен аммафос жер семирткичи чыгарылат жана айыл чарба техникалары даярдалат.

    Ишкана ачылса 1 миңден 3 миңге чейин жумуш орундары түзүлөт.


    Читать похожее

    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 09.07.2024, 21:25:40