Опубликовано
29.11.2023, 05:13Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында “CASA-1000” долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан 210 орундуу жаштардын маданий борбору курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, “CASA-1000” долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан айылдык жаштардын маданий борборун курууга 75 000 доллар, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 млн сом, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом акча каражаты бөлүнүп, кыска мөөнөттө бүткөрүлгөн.