Опубликовано
08.12.2023, 04:50Саламаттык сактоо министрлиги 485 жеке клиниканы жапты. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарындагы көптөгөн жеке клиникалар муниципалдык имараттарды ээлеп алган. Азыркы учурда алар мамлекетке кайтарылууда.
“Бизде дагы көп иштер турат. Ал эми 25-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарына аткарылган иштер боюнча отчет берем”, - деди министр.