akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.11.2023, 10:44

    Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962,1 млн сом каралып, 2023-жылдын 14-ноябрына карата 838,3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

    Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 618,5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 648 гидротехникалык курулмалардын, 265 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 104 насостук станциялардын, 168 насостук агрегаттардын оӊдоо, 22 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлгөн.

    “Ошондой эле, 186,2 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 3724 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 30.11.2023, 01:35:53
    • 29.11.2023, 21:55:10
    • 14.11.2023, 04:44:44
    • 24.10.2023, 04:26:07