Опубликовано
16.08.2024, 09:35Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Байышбек Астанакулов буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп иштеп жаткан.
Ал эми Талас шаарынын мурдагы мэри Эрмат Жумаев президенттин Таластагы өкүлү болуп дайындалган.