Опубликовано
31.07.2024, 10:45Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоору Садыр Жапаровго киргизилмей болду. Мындай чечим Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда кабыл алынды.
Мунун себеби чиновник функционалдык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы, ишенип берилген аймактагы координация иштеринин жоктугу, уюштуруу ишиндеги кемчиликтерге жол бергендиги менен түшүндүрүлдү.
Ошондой эле өзүнүн милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу, өкүлдүн биринчи орун басары Талантбек Эдиловго, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Алгынбай Имаровго, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Нургазы Нармырзаевге сөгүш берилмей болду.