Опубликовано
24.05.2024, 03:4123-майда Свердлов районундагы "Төкөлдөш" конушуна жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында конушта 10 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулду. Бардыгы болуп 752 кожолукка экологиялык жаратылыш газы менен жылытуу мүмкүнчүлүгү берилди.
Белгиленгендей, газдаштырууну "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы ишке ашырган.