akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    26.07.2024, 09:55

    Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын геоилимдер жана минералдык ресурстар институтунун KIGAM президенти Пхён-Коо Ли менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын минералдык ресурстар тармагындагы кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

    Пхен-Коо Ли белгилегендей, Түштүк Корея учурда бул тармакка чоң маани берип, электромобилдерди өндүрүү үчүн минералдык ресурстарды иштетүүгө кызыктар.

    Аида Исмаилова Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштап, KIGAM делегациясын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.


    Читать похожее

    • 26.07.2024, 03:55:50
    • 26.06.2024, 21:15:17
    • 26.06.2024, 02:20:18
    • 26.06.2024, 02:02:54