Опубликовано
27.06.2024, 03:15Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимдер Үрүмчүдө өткөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында жетишилди. Документтер логистика, машина куроо, соода жүгүртүү, тоо-кен, энергетика, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарга тиешелүү.
Кызматташуунун суммасы 1 млрд 500 млн долларга бааланууда.