Опубликовано
05.08.2024, 10:12Кыргызстанда документтери жок салынган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Аталган документти Мамлекеттик курулуш агенттиги даярдаган.
Ага ылайык, 2023-жылдын 31-декабрына чейин өз билемдик менен салынган кабат үйлөр мыйзамдаштырылат. Токтом күчүнө киргенден кийин мыйзамсыз имараттын ээлери 1 жыл ичинде мамлекеттик органдардан текшерүүдөн өтүп, уруксат кагаздарын, тиешелүү документтерди алышы керек. Болбосо имарат сүрдүрүлөт.