akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    29.08.2023, 10:00

    Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди (негизги) 13 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Ильичбек Султанкулов билдирди.

    Маалыматка ылайык, учурдагы шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды.

    Жөнгө салуучу эсептик чен боюнча кабыл алынган чечим ички инфляциялык абалды басаңдатат жана орто мөөнөттүү келечекте инфляциянын 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтөрүнө алып барат.

    Белгилеп кетсек, Кыргызстанда инфляциянын акырындык менен төмөндөшү байкалууда. 2023-жылдын 18-августуна карата инфляция жылдык мааниде 9,4 пайызды, жыл башынан бери 5,3 пайызды түздү.


    Читать похожее