Опубликовано
15.05.2024, 05:20Жалал-Абад шаарында атайын кызматтын, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн "Мекен деми" балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.
Имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Аземге жергиликтүү бийлик башчылары, атайын кызматтын ардагерлери жана кызматкерлери, үй-бүлөлөрү катышты.
"Мекен деми" балдар бакчасын куруу иштери жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен каржыланып, мамлекеттик казынадан акча коротулган эмес.