Опубликовано
24.04.2024, 08:0524-апрелде нөшөрлөп жааган жаандан кийин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарында да сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен 73 турак үйдүн жана 3 социалдык объектини, 1 ички чарбалык көпүрөнү суу каптап, жалпы аянты 50 гектар айдоо жерлерди суу басты.
Жаралган кыйынчылыктар жоюу үчүн окуя болгон жерлерге райондук жарандык коргоо кызматтары, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, 15 куткаруучу тартылып, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө.