Опубликовано
28.03.2022, 08:35Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды.
Тагыраагы, Садыр Жапаров кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.