Опубликовано
30.04.2020, 06:05Кыргыз өкмөтү Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга колдоо көрсөтүү максатында бөлгөн 10 миллион сомду бөлүштүрүү маселеси Москвада диаспора өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланды. Бул тууралуу 30-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлаганын «Азаттык» басылмасы жазып чыкты.
[news 23670]
Элчи Аликбек Жекшенкулов каражат азырынча коротула электигин билдирген.
«Буга чейин муктаждарга диаспоралык уюмдардан, элчиликтин кызматкерлеринен жана кайдыгер карабаган мекендеш, демөөрчүлөрдөн түшкөн акчага азык-түлүк таратылып, убактылуу жатакана, хостелдердин акысы төлөнүп берилген», - деп жазылат маалыматта.
Жалпысынан 1 миллион 300 миң рубль акча чогултулуп, бул каражаттар 1-майга чейин жетерин диоспарадан билдиришкен.
Ал эми өкмөт бөлгөн 10 миллион сомдун сарпталышы ачык болушу үчүн курамына диаспора активдери кирген комиссия түзүлдү.
Кыргызстан 21-апрелде Орусиядагы элчиликке 10 миллион сом, ал эми Бириккен Араб Эмирликтериндеги консулдукка 5 миллион сом бөлгөн. Бул акча коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жашоосунан жана тамак-аштан кыйналган кыргызстандыктарга жардам берүүгө каралган.