Опубликовано
07.05.2024, 05:45Кыргызстанда жөлөк пул алган балдардын саны дээрлик 45 миңге азайды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 1-майга карата мамлекеттик пособие алган балдардын саны 388 миң 800дү түздү.
Анын ичинен 278 миңи “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышат. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 44 миң 900гө аз.
"Жөлөк пул алгандардын саны калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшүнө байланыштуу кыскарган", - дешти ведостводон.