Опубликовано
23.04.2024, 05:05Ушул жылдын 22-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 1 млрд 244 млн 836 миң сомго 3024 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Насыялар эки категория боюнча берилүүдө.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.
Долбоор дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.